Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомго, ал эми баалар 8,8%га жогоруладыМинкаб Бишкектеги баш-аламан курулуш боюнча тапшырманын 80%ын аткарган жок — БекешевЖалал-Абадда жерди мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалдыСаламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасы тапшырылды«Бардык жактан эркиндик». Курьер кыймылдагы жашоо тууралууЭми музыкалык мектептердин директорлору ачык сынак аркылуу дайындалат
Балыкчы-Кочкор темир жолунун 40-чакырымында курулуш иштери уланууда
08.04.2025 | 15:13
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери уланууда, учурда 40-чакырымында бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ.
“Келечекте бул каттам Макмал станциясы аркылуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кошулуп, өлкөнүн ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүгө жол ачат”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар