Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча алгачкы коммерциялык аба каттамы аткарылды
09.04.2025 | 10:46
Кечээ, 8-апрелде “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын жетекчиси Мамсбек Самудинов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 8-апрелден тартып жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда.
Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтынан же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алса болот.
“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы менен байланыш номерлер: 0705 25 16 00, 0999 25 16 00, 0312 25 16 00
Рубрики: Жаңылыктар