Күмбөз, падел жана жеке күрөш аренасы: КРСУ быйыл кандай объектилерди курат?Садыр Жапаров Беларустун ТИМ башчысы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкууладыБАЭде Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повести талкууландыЭнергетика министрлиги электр энергиясын керектөө азайганын билдирдиКыргызстанда бензин үч жумада 20 сомго кымбаттады — Улуттук статистика комитетинин маалыматыКыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды — кенен маалымат
Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча алгачкы коммерциялык аба каттамы аткарылды
09.04.2025 | 10:46
Кечээ, 8-апрелде “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын жетекчиси Мамсбек Самудинов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 8-апрелден тартып жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда.
Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтынан же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алса болот.
“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы менен байланыш номерлер: 0705 25 16 00, 0999 25 16 00, 0312 25 16 00
Рубрики: Жаңылыктар