Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Депутат: Өзбекстандан келген кайырчыларды депортациялоо керек
10.04.2025 | 15:20
Өзбекстандан келген кайырчыларды депортациялоо керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевге айтты.
Эл өкүлүнүн айтымында, жолдордо жана коомдук жайларда турган кайырчылар менен күрөшүү зарыл.
Атажанов учурда шаарда селсаяктар көп экенин белгилеп, алар үчүн реабилитациялык борборлор барбы деп сурады.
«Шаардык мэрияда мындай реабилитациялык борборлор жок. Бирок биз селсаяктар менен күрөштү Ош базарынан баштадык. Азыр Токтогул, Бейшеналиев, Фучик көчөлөрүндө жок. Ал жерде спирт ичимдиктерин ичүү үчүн атайын жайлар бар болчу», — деп жооп берди вице-мэр.
Рубрики: Жаңылыктар