7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Кыргызстанда президенттик шайлоонун болжолдуу датасы белгиленди
15.04.2025 | 17:25
Кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында болорун Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тынчтык Шайназаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин комитети шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап, үч окууда жактырды.
Конституцияга ылайык, 2021-жылы алты жылга шайланган президент өз ыйгарым укуктарын жаңы Конституциянын алкагында жүзөгө ашырат жана бул мөөнөт биринчи болуп эсептелет.
Эскерте кетсек, буга чейин президенттик шайлоону мындан ары январь айынын аягында өткөрүү сунушталган.
Рубрики: Жаңылыктар