Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Сабырбек Жумабеков Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору болуп дайындалды
15.04.2025 | 17:55
Сабырбек Жумабеков учурда курулушу жүрүп жаткан Травматология жана ортопедия улуттук борборуна директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында жалпы аянты 34 миң 500 чарчы метрди түзгөн аталган медициналык борбор курулуп жатат. Курулуш ишин кийинки жылы бүтүрүү пландалган.
Оорукана 440 койкага ылайыкталган. Мындан тышкары жер астындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар курулат. Өзгөчө кырдаалдар үчүн имараттын чатырында заманбап тик учак аянтчасын куруу пландалган. Ал жерге бейтаптар санитардык авиация менен жеткирилет.
https://reporter.kg/bishkekte-zhany-travmatologiya-zhana-ortopediya-borboru-kurula-bashtady/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом