Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Жарандын 17 унаасын алдап алып, сатып жиберген шектүү кармалды
18.04.2025 | 09:24
Бишкекте жарандын 17 автоунаасын алдап алып, андан кийин сатып жиберүүгө шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, милицияга жаран кайрылып, Б.Н. аттуу жаран анын “Honda Fit” үлгүсүндөгү 17 унаасын ижарага берем деген шылтоо менен алып, андан кийин аларды сатып жиберип, из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөөнүн натыйжасында 26 жаштагы Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Учурда сатылып кеткен унааларды кайсы жерлерде экенин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар