“Эйр Кейджи” мамлекеттик авиакомпаниясы жоюлду

18.04.2025 | 12:48

Президенттин иш башкармасына караган “Эйр Кейджи” авиакомпаниясы” ишканасы жоюлду. Токтом “Эркин-Тоо” гезитинин 18-апрелдеги санына жарыяланды.

Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 14-апрелде кол койгон.

“Айр Кей Джи” авиакомпаниясы 2013-жылы түзүлгөн жана атайын каттамдарды тейлеп келген. Ошондой эле Кыргызстандын расмий делегацияларын ташуу боюнча каттамдарды жүзөгө ашырчу. 2023-жылы ал “Манас” эл аралык аэропорту” ишканасынан толугу менен Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Scroll to Top