Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Эми заводдор сүттү майлуулугуна жараша коюлган баада сатып алышат
21.04.2025 | 14:17
Айыл чарба министрлиги сүттү кайра иштеткен ишканалар фермерлерден сүттү анын майлуулугуна жараша бекитилген баада сатып алышы керек экендигин билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда өлкөнүн бардык аймактарында ишканалардын алдында сүттүн майлуулугуна жараша министрлик тарабынан бекитилген баа боюнча атайын баннерлер илинип жатат.
“Эгерде фермер менен завод ортосунда сүттүн майлуулугу боюнча пикир келишпестик жаралса Ветеринардык кызматтын лабораторияларына кайрылса болот. Ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, корутундуда сүттүн майлуулугу канча болсо, завод фермерден сүттү белгилеген тарифтик баада кабыл алат. Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом