Кадамжай районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган Үч-Коргон мектеп-интернатынын имараты авариялык абалда болуп, балдарга коркунуч жаралууда. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору билдирди.
Аталган интернатта 7-16 жаштагы 131 тарбиялануучу жашап, билим алышат. «Акыл-эстин жеңил түрдө артта калышы» негизги диагнозунан тышкары балдардын көпчүлүгүндө ДЦП, Даун синдрому, көрүүнүн жана сүйлөөнүн бузулуусу сыяктуу оорулар бар.
Мекеменин маалыматында, интернатта балдар үчүн керектүү шарттар бар: аларга күнүнө беш маал толук кандуу тамак-аш берилет, медициналык жардам өз убагында көрсөтүлөт. Бирок мектептин имараттарынын авариялык абалда болушу олуттуу көйгөй болууда.
«Бул имараттар 1956–1983-жылдар аралыгында курулган жана ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Натыйжада пайдубалдар чөгүп, дубалдар деформацияланып жараксыз абалга келген. Дубалдарда чоң жаракалар пайда болгон, чатырдын урап түшүү коркунучу бар. 2010-жылы Кадамжай райондук ӨКМнын кызматкерлери спорт залы мындан ары колдонууга жараксыз деген техникалык корутунду түзүшкөн, бирок бул объект бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет»,- деп айтылат маалыматта.
Мектеп-интернаттын администрациясы капиталдык ремонт жүргүзүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуулар көп жолу жөнөтүлгөнүн, бирок азыркы күнгө чейин эч кандай жыйынтык болбогондугун билдирген.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор имараттын авариялык абалда болушу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу экендигин эскертип, бул багытта кечиктирилгис чаралар көрүлүшү керектигин билдирди.