«Коргоо өнөр жайы 1941–1945-жылдары» аттуу архивдик документтер жыйнагы жарыкка чыкты

«Коргоо өнөр жайы 1941–1945-жылдары» аттуу архивдик документтер жыйнагы жарыкка чыкты

Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кыргызстандын коргоо өнөр жайы жөнүндөгү архивдик документтер жыйнагы «Коргоо өнөр жайы 1941–1945-жылдары» деген ат менен жарыкка чыкты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги билдирди.

Аталган министрликтин Архив кызматы даярдаган жыйнакта мурда катуу купуялуулуктан улам жарыяланбаган архивдик документтер камтылган. Жыйнакта республикада эвакуацияланган ишканаларды жайгаштыруу жана орнотуу, ошондой эле жаңы өнөр жай ишканаларын куруу жана Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аскердик продукция чыгаруу тууралуу баяндалган.

«Бул китеп согуш мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү боштукту толтуруп, окурмандарга элдин эмгектик эрдигинин чыныгы далили менен таанышууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>