Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
АКШ Украина менен сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге кол койду. Кийинки кезекте Борбор Азиябы?
06.05.2025 | 19:06
Америка Борбор Азиянын сейрек кездешкен кендерине кызыкдар, анткени Украинада мындай металл аябай эле аз.
Бул тууралуу National Interest басылмасы жаып чыкты.
Макалада айтылгандай, Украинада дүйнөдөгү пайдалуу кендин 5%ы гана бар экени, АКШга зарыл болгон 50 элементтин ичинен 22си гана кездешет.
“Америка кен казуунун башка жолдорун карап чыгышы керек, анын бири Борбор Азия болушу мүмкүн. Ал жакта дүйнөлүк кен байлыктын басымдуу бөлүгү жатат. АКШ сейрек металлдарга жол ачам десе, анда ал Борбор Азия мамлекеттери менен алака түзгөнү оң”, — деп жазган басылма.
Макалада ошондой эле аталган регион Россия менен Кытайдын кызыкчылыгында экенин, мындан улам АКШ маанилүү ресурстар үчүн бир топ күч жумшашы керек болоруна токтолгон.
Рубрики: Жаңылыктар