Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Садыр Жапаров аскер кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн билдирди
08.05.2025 | 10:41
Ушул жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 %га көбөйөт. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 8-майда Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан Жеңиш майрамына арналган парадда билдирди.
Садыр Жапаров ошондой эле контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап 35%га көбөйтүлөрү пландалып жатканын айтты.
“Бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес, бул – Мекенди коргоо кызматындагылардын күнү-түнү көз ирмебей “Эл четинде – жоо бетинде” тургандагы мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, биз коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдап жатабыз”,- деди ал өз сөзүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом