Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Эми Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Японияда өз өкүлү бар
12.05.2025 | 10:57
Соода-өнөр жай палатасынын азыр Японияда өзүнүн өкүлү бар. Ал экономика илимдеринин доктору Аслан Атабиев экенин Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.
Белгиленгендей, бул дайындоо Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Аслан Атабиевдин экономика, эл аралык кызматташтык жана банк секторунда көп жылдык тажрыйбасы бар. Учурда ал кыргыз-япон өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана республикада келечектүү долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган бир катар демилгелердин үстүндө иштеп жатат, деп баса белгиледи палата.
Рубрики: Жаңылыктар