АКШнын Сенатору Трамптын тууганын Францияга элчи кылып дайындоого макулдук берди

20.05.2025 | 12:05

АКШнын Сенатору Дональд Трамптын тууганы Чарльз Кушнерди Франциядагы элчиликке дайындоого макулдук бергенин Хилл гезити жазды.

«Сенаторлор Кушнердин талапкерлигин 51 макул жана 45 каршы добуш менен бекитүүнү чечишти», – деп жазат басылма.

Азыр отставкадагы юрист Чарльз Кушнер АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнердин атасы. 2005-жылы Кушнер шайлоо өнөктүгүнө мыйзамсыз салым кошкон, салык төлөөдөн качкан жана күбөлөрдү бурмалаган деп соттолгон. Жыйынтыгында ал эки жылга эркинен ажыратылды. Трамп аны 2020-жылы кечирген.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top