Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Россия-Кыргыз фондунун колдоосу менен гемодиализ борбору ачылды
21.05.2025 | 12:38
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Бишкекте гемодиализ борборунун жаңы филиалы ишке кирди. Долбоорго жалпы 1,5 миллион доллар каралган, анын 1 миллионун фонд бөлүп берген.
Каражатка жаңы имарат жана 43 гемодиализ аппараты сатып алынды. Жакынкы аралыкта алардын санын 100гө жеткирүү пландалууда. Жаңы филиалда күнүнө 300гө чейин гемодиализ процедурасы жасалат. Дарылоо кызматтары мамлекеттик милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) тарабынан каржыланат.
Борбор өнөкөт бөйрөк ооруларына чалдыккан жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүүнү максат кылат.
Рубрики: Жаңылыктар