Ош базары. Көчө сатуучуларына ким жардам берет?

Ош базары. Көчө сатуучуларына ким жардам берет?

Ош базары Бишкек шаардык мэриясынын баш оорусу. Бул жерде дээрлик ар бир мэр дайындалгандан кийин тартипти орнотууга аракет кылат. Эми шаар бийлиги чечкиндүү чараларды көрүүгө бел байлады. Стихиялуу соодагерлерди кармоо үчүн күн сайын рейддер өткөрүлүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башкы инспектору Арслан Фархаддын айтымында, стихиялуу делген соодагерлер салык төлөп, мыйзамдуу негизде соода аянтчалары бар соодагерлерге зыян келтирип иштеп жатышат. Бирок, стихиялуу соодагерлердин айынан алардын соодасы жакшы жүрбөй жатат. Мунун баары чындыкка коошпойт, көчө сатуучулары өздөрү салык төлөөгө даяр дешет.

Бирок инспекторлор аларды уккусу келбей, көчөдө соода кылгандарга каршы рейд уюштурушууда. Бул аялдар жогорку бийликтегилерден жардам сурашат. Алар гана кийлигишип, укуктарын коргой алат. Анткени, биз да Кыргызстандын жараныбыз дешет.
Таркатылгандан кийин айрым учурларда инспекторлор алардын товарларын алып кетишет. Аялдар милицияга арыз жазууга аргасыз.

Материалдын толук чыгарылышы менен биздин Ютуб каналдан тааныша аласыздар.

Рубрики: МАКАЛАЛАР
Тэги: Ош базары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>