Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Өкмөт башчы Тажикстанга иш сапар менен барат
03.06.2025 | 10:47
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү Тажикстандын борбору Душанбеге жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматкы ылайык, жумуш сапарынын алкагында өкмөт башчы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү жана бир катар документтерге кол коюлары пландалып жаткандыгы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат