Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШ элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинз менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АКШнын миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана алардын Кыргызстандын жарандарына мүмкүн болуучу таасирине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөө максатында үзгүлтүксүз байланышта болуу тууралуу макулдашууга жетишилди.
Буга байланыштуу ТИМ Кыргызстандын жарандарына АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын дагы бир жолу эскертти.
«Аталган өлкөдө жүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузуу, анын ичинде визанын жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберүү — камоого, депортациялоого жана АКШга кайра кирүүгө туруктуу тыюу салууга алып келиши мүмкүн»,- деп билдирди министрлик.
Эске салсак, буга чейин The Washington Post басылмасы жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн делген айрым мамлекеттердин тизмесин жарыялаган. Тизмеде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген жалпы 36 өлкө бар болгон.