«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбиз
Кыргызстандын ЖОЖ, мектептеринде коронавируска байланыштуу карантин жарыяланбайт
06.03.2020 | 12:46
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында, мектептерде коронавируска байланыштуу карантин жарыяланбайт. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков билдирди.
Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө билим берүү мекемелерин жабууга же карантин жарыялоого эч кандай негиз жок, анткени өлкө аймагында коронавирус катталган учур жок.
«Окуу процессине чектөөлөрдү коё албайбыз. Ал календардык план менен жүрөт. Биз масштабдуу иш-чараларды, көргөзмө, семинар, форумдарга чогулбагыла деп айтабыз. Биз мындан ары көзөмөлдү дагы күчөтүп, чоң иш-чараларды өткөрбөй туралы», – деп билдирди салматтык сактоо министринин орун басары.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом