Чолпон-Атада “Ысык-Көл 2025” масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда масштабдуу «Ысык-Көл 2025» айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Ал 25-августка чейин уланат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жарманке күн сайын саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлүүдө. Кирүү акысыз. Коноктор үчүн унаа токтотуучу жай, эс алуу чатырлары жана отургучтар каралган.
Жарманкеде жергиликтүү дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштер, эт, сүт азыктары, бал, ошондой эле улуттук тамак-аштар жана таттуулар болот.
Мындан тышкары этно кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган ар кандай буюмдар, гүлдөр жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатылып, аларды багуу боюнча кеңештер берилүүдө. Мастер-класстар жана дегустациялар уюштурулууда.
Белгилей кетсек, жарманкеден түшкөн каражат ипподромду жакшыртууга жана асыл тукум ат чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталат.
Кошумча маалымат жана катышуу боюнча байланыш телефону:
+996 555 346060