УКМКнын мурдагы төрагасы Ташиевге кайсы кылмыштар боюнча айып тагылууда — жактоочунун маалыматы
Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылды. Бул маалыматты Reporter.kg басылмасына жактоочу Икрамидин Айткулов тастыктады.
«Ага эки берене боюнча айып тагылды — адамдардын тобу тарабынан бийликти күч менен басып алуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, бул дагы адамдардын тобу тарабынан жасалган. Ал УКМКнын төрагасы болгон, бул жооптуу кызмат, ошондуктан төртүнчү бөлүк колдонулууда», — деди жактоочу.
Анын айтымында, Ташиевге карата дароо эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
«Мында бөгөт коюу чарасын тергөө өзү тандады, биз сотко кайрылган жокпуз», — деп кошумчалады Айткулов.
Ал анын жактоосундагы жаран күнөөсүн мойнуна албай турганын белгиледи.
Ал эми мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна келсек, Айткулов алардын жактоочусу болбогондуктан, алар боюнча комментарий бере албасын, бирок «айып тагылган формулага караганда, алар дагы бул иште фигурант катары өтүп жатышат» деп билдирди.