Кыргызстандык дарыгерлер үчүн Орусияда ординатурада окуу жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү талкууландыФермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине кол коюлду
04.08.2025 | 11:54

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине (мындан ары — Санарип кодекси) кол койду.
Аталган мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана санарип мейкиндикте адам укуктарын коргоо, экономиканы өнүктүрүү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Санарип кодексинин негизги максаттары:
- Санарип мейкиндикте жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
- Санарип экономикасын өнүктүрүүгө укуктук шарт түзүү;
- Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
Кодексте камтылган негизги жоболор:
- Санарип чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун негиздери;
- Мамлекеттик жана атайын жөнгө салуу тартиптери;
- Санарип мамилелердин субъекттери жана объекттери;
- Санарип дайындарын, анын ичинде жеке дайындарды иштеп чыгуу тартиби;
- Санарип жана телекоммуникациялык сервистер тууралуу жоболор;
- Жасалма интеллект тутумдары тууралуу жоболор;
- Мамлекеттик органдар жана жеке сектор ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби;
- Санариптик технологиялык тутумдардын ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу чаралары ж.б.
Санарип кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар