Аймактарда өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүүчү станциялар курулуудаАкыркы жылдары Пакистандан келген түз инвестициянын көлөмү туруктуу өсүүдөКыргызстанда «Аламан улак» федерациясы түзүлүп, жетекчиси дайындалдыЛогистикадан климатка чейин: Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Түркмөнстанга мазмундуу сапар жасадыОшто Текебаев менен Султанбековага таандык имараттар бузулуудаБорбор Азиянын энергетикалык кесилишинде: атомго жолбу?
Кара-Суу районунда таттуу ширелерди чыгарган жашыруун цех аныкталды
08.08.2025 | 11:05

Ош облусунун Кара-Суу районун Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, жашыруун цехте «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» таттуу ширелер чыгарылып келген.
Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында айып пул салынган.
Ошондой эле тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынган. Азыркы учурда текшерүү иштери уланып жатканы айтылды.
Рубрики: Окуялар
Теги: Кара-Суу району, УКМК