Ысык-Көлдө “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжа кластеринин курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан Жыргалаң өрөөнүндө “Ала-Тоо Резорт” аталышындагы ири тоо-лыжа курортунун курулушуна расмий старт берилди. Бул тарыхый саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, капсула салуу аземинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын айтымында, “Ала-Тоо Резорт” – бул жөн гана эс алуу жайы эмес, улуттук экономиканын өсүшүнө салым кошо турган, кыргыз элинин мурасынын даңазасы болуучу ири туристтик долбоор болуп эсептелет.
“Бул курорт жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын булагы, жаштар үчүн Мекенинде иштеп калууга стимул, ал эми жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун шартын түзөт деп ишенем”, – деди Президент Жапаров.
Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү:
- 250 кмге жакын лыжа трассалары курулат;
- 4 км узундуктагы аркан жолдор ишке берилет;
- 4000 автоунаа токтотуучу жай, этношаарча, ден соолукту чыңдоочу борборлор курулат;
- Жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болот;
- 5000 туруктуу жумушчу орду түзүлөт.
Долбоор мамлекет тарабынан курулуп жаткандыктан, түшкөн таза киреше республикалык бюджетке түшөт. Курорт төрт мезгилге ылайыкталган жана экологиялык стандарттарга шайкеш курулат. Табигый жана жасалма кар менен иштеп, жылына жети ай эс алуучуларга кызмат көрсөтөт.
“Буйруса, бул курорт Борбор Азиядагы эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланып, бүткүл Кыргызстанды бага турган курорт болот. Келечекте бул аймак дүйнө жүзүнө белгилүү эс алуу жайына айланат”, – деди Жапаров.
Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, ушул жылдын декабрь айында долбоордун биринчи фазасы ишке берилет. Ошондой эле, Караколдон Жыргалаңга чейин 4 тилкелүү жаңы жол салынып, тик учак каттамдары уюштурулат.
Садыр Жапаров жалпы элди бул ири долбоорду улуттук маанидеги ишке айлантууга чакырып, “Ала-Тоо Резорт” келечектеги чоң ийгиликтерге жол ачат деген ишенимин билдирди.