11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштадыКудрет Тайчабаров үй камагына чыктыТИМ мамлекеттик протокол тууралуу мыйзамды жаңылоону сунуштоодоСадыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алдыКара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду
Кыргызстан менен КМШ укук жаатындагы кызматташууну бекемдөөдө
08.08.2025 | 14:14

Башкы прокурор Максат Асаналиев Кыргызстанга иш сапары менен келген КМШга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин аткаруучу катчысы Юрий Жданов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка ылайык, тараптар КМШга мүчө мамлекеттердин прокуратура органдарынын ортосундагы тажрыйбаларды бөлүшүү, эксперттик диалогду кеңейтүү, эл аралык укуктук кызматташтыкты координациялоону өркүндөтүү жана прокурордук кадрларды кесиптик даярдоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында бардык КМШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыздоодо тыгыз өз ара иш алып баруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат