Казакстанда алгачкы жолу КМШ өлкөлөрүнүн жарманкесин өткөрүү пландалуудаКыргызстандын 500дөн ашык мамлекеттик кызматкери Кытайга окууга жиберилетЫсык-Көлдө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн накрологдорунун жыйыны өттүБаткенде бажы кызматкери пара берип жатканда кармалдыӨзбекстандын калкы 38 млнго жеттиОшто “Шрам” каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
ӨКМ: Россиялык альпинист Наталья Наговицына дайынсыз жоголду деп эсептелет
27.08.2025 | 11:32

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандагы альпинисттик экспедиция маалында кырсыктаган россиялык альпинист Наталья Наговицынанын статусу “дайынсыз жоголгон” деп расмий түрдө белгиленгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда анын тирүү экени же каза болгону боюнча так маалымат жок.
Издөө иштерине катуу шамал, жааган кар жана абанын кескин төмөн температурасы тоскоол болууда.
«Наговицынанын тирүү же каза болгонун тактоо мүмкүн эмес. Ошондуктан анын статусу автоматтык түрдө дайынсыз жоголгон деп эсептелет»,-деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, буга чейин Наталья Наговынанын баласы апасынын тирүү экенин ишенерин айтып, куткарууну суранган.
Рубрики: Жаңылыктар