Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт

27.08.2025 | 17:09

30-31-август күндөрү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин колдоосу менен өткөрүлүп, анын алкагында бир катар көрүнүктүү инсандардын мааракелери да белгиленет. Атап айтканда:

  • Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы,
  • Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы,
  • Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы.

Барпы Алыкуловдун мааракеси 30-августта Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында саат 12:00дө өтөт.

Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар төмөнкүдөй өтөт:

  • 27-август, саат 17:00 – Токтогул шаары, Маданият үйү;
  • 28-август, саат 17:00 – Аксы району, Кербен шаары, Маданият үйү;
  • 29-август, саат 17:00 – Сузак району, Барпы айылы, Жони паркы.

Иш-чарага кирүү акысыз. Байланыш номери: 0701 11 77 19.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top