Мурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталдыСадыр Жапаров президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду
Жеңиш чокусундагы кырсык боюнча ИИМ текшерүүнү баштады
27.08.2025 | 17:23

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы “Жеңиш” чокусунда кырсыкка кабылган россиялык альпинист Наталья Наговицына боюнча тергөөгө чейинки текшерүү баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-августтан бери Наговицына 7 100 метр бийиктикте бутунан жаракат алган бойдон калган. Айрым булактарда анын каза болгондугу мүмкүн экени тууралуу да айтылууда.
Бул факты ИИМдин “Маалыматтарды каттоо журналы” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган.
Министрлик текшерүүнүн алкагында чокуга чыгууну уюштурган туристтик компаниянын ишмердүүлүгүнө да юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар