Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт
27.08.2025 | 17:09

30-31-август күндөрү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин колдоосу менен өткөрүлүп, анын алкагында бир катар көрүнүктүү инсандардын мааракелери да белгиленет. Атап айтканда:
- Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы,
- Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы,
- Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы.
Барпы Алыкуловдун мааракеси 30-августта Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында саат 12:00дө өтөт.
Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар төмөнкүдөй өтөт:
- 27-август, саат 17:00 – Токтогул шаары, Маданият үйү;
- 28-август, саат 17:00 – Аксы району, Кербен шаары, Маданият үйү;
- 29-август, саат 17:00 – Сузак району, Барпы айылы, Жони паркы.
Иш-чарага кирүү акысыз. Байланыш номери: 0701 11 77 19.
Рубрики: Жаңылыктар