Садыр Жапаров Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Бүгүн, 1-сентябрда, Садыр Жапаров Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай форматтагы жолугушуу өлкөлөр ортосундагы достук, кызматташтык жана ишенимди өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулууну көрсөтөрүн белгиледи.
Садыр Жапаров кабыл алынып жаткан “Тяньцзинь декларациясы” Уюмдун көп пландуу ишмердүүлүгүн мындан ары активдештирүүгө жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстан ШКУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары катары узак мөөнөттүү туруктуулук, экономикалык кызматташтык, санариптештирүү жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү маселелерин атады. Ошондой эле Ысык-Көлдө ШКУнун туристтик жана маданий борборун түзүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалганын билдирди.
Өз кезегинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстандын төрагалыгына ийгилик каалашты.