Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Афганистанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 800гө жетти
01.09.2025 | 19:48

Афганистандын чыгышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетинен 800дөн ашуун адам каза болуп, 2800дөй киши жаракат алды.
Буга чейин 600дөн ашуун адамдын каза болгону жана 1500дөн ашуун адамдын жаракат алганы маалымдалган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.
Зилзаланын очогу Кунар провинциясында жайгашып, бул аймак олуттуу зыян тартты. Бирок каза болгондор жана жабыркагандар боюнча так маалымат азырынча жок. Анткени айрым райондорго жол жеткиликсиз болуп, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар