Индиялык ишкана Кыргызстанда алтын казуу долбоорун баштады

Индиянын Deccan Gold Mines Ltd (DGML) ишканасы Кыргызстандын Нарын облусунда “Алтын-Төр” алтын кенин казуу долбоорун баштаганын жарыялады.
The Times of India гезитинин маалыматында, “Алтын-Төр” DGMLдин Борбор Азия аймагындагы алтын жана маанилүү минералдарды иштетүү боюнча алгачкы чет өлкөлүк долбоору болуп эсептелет. Жогорку деңгээлде минералдашкан Солтон-Сары зонасында жайгашкан “Алтын-Төр” долбоорун DGML ишканасы 60% үлүшкө ээ болгон Avelum Partners LLC ишке ашырат.
Ишкананын маалыматына караганда, бургулоо иштеринин натыйжасында аталган аймакта жалпы көлөмү 4,65 млн тонна руда табылып, анын курамындагы алтындын үлүшү тоннасына 1,21 граммды түзгөн. Бул болжол менен 180 миң унцияга барабар.
“Толук ишке киргенден кийин долбоор Борбор Азиядагы Индияга таандык биринчи алтын өндүрүш жайы болот”,- деп айтылат маалыматта.