Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү жабылат
05.09.2025 | 11:00

2025-жылдын 6-сентябрынан тартып Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарладф.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта проспекттин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу кыймылга ачылат.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбордун конокторун жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жолдордо тыгындарды алдын алуу үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар