Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
Легендарлуу Майк Тайсон Флойд Мейвезер менен беттешет
05.09.2025 | 16:10

Бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон мурдагы дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер менен беттешүү үчүн келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, беттеш CSI Sports/Fight Sports тарабынан уюштурулуп, болжол менен 2026-жылдын жаз айында өтөт. Так датасы жана өтүүчү орду азырынча белгиленген жок.
Эске салсак, Майк Тайсон акыркы жолу америкалык блогер жана мушкер Жейк Пол менен 2024-жылдын 14-ноябрында беттешип, чечим менен утулган. Ал эми 48 жаштагы Флойд Мейвезер 2024-жылдын августунда Жон Готти III менен беттешип, сегиз раунддан кийин жеңүүчү аныкталбай аяктаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт