Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштады
Министрлик: Бардык окуу китептери электрондук форматта жеткиликтүү
05.09.2025 | 17:49

Агартуу министрлиги учурда мектеп окуучулары үчүн бардык окуу китептери электрондук форматта жеткиликтүү экендигин кабарлады.
Маалыматка ылайык, бардык окуу китептери http://kitep.edu.kg/ порталында электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, “Санарип Кампа” платформасына интеграцияланган.
Ошондой эле быйыл окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттарга 3 – 9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилген. Ал эми учурда 1 – 2 жана 5 – 7-класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыга баштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом