Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун таасирин баалоо боюнча коомдук талкуулар өткөрүлөт
08.09.2025 | 09:49

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо документтеринин долбоору боюнча коомдук талкууларды өткөрөт. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Коомдук угуу 6-9-октябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунда өткөрүлөт. Андан соң 15-октябрда Бишкек шаарында улуттук деңгээлде өтөт.
Министрлик коомдук талкуу учурунда түшкөн бардык комментарийлер жана сунуштар кылдат түрдө каралып чыгып, акыркы документин даярдоодо эске алынарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом