Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Кыргызстанда өтө жакыр жашагандардын саны 1,6 миллиондон 198 миңге түштү
10.09.2025 | 12:35

2024-жылы Кыргызстанда 198,3 миң адам өтө жакырчылыкта жашаганы аныкталды. Бул көрсөткүч 2000-жылдагы 1,6 миллион адамга салыштырмалуу сегиз эсеге кыскарганын Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Ошол эле мезгилде 1,9 миллионго жакын жаран (калктын 25,7 пайызы) жакырчылыктын чегинде катталган.
Аймактык бөлүнүштө жакырчылык эң көп катталган жерлер:
- Жалал-Абад облусу — 447,2 миң адам
- Бишкек — 309,4 миң
- Ош облусу — 280,9 миң
- Баткен облусу — 261,7 миң
- Чүй облусу — 210,8 миң
Өтө аялуу топ катары балдар белгиленди. Өткөн жылы ар бир үчүнчү бала (33,1%) жакырчылыкта жашаган, алардын ичинен 112 миңден ашыгы (3,9%) өтө жакырчылыкта болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом