Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды
Кыргызстанда өтө жакыр жашагандардын саны 1,6 миллиондон 198 миңге түштү
10.09.2025 | 12:35

2024-жылы Кыргызстанда 198,3 миң адам өтө жакырчылыкта жашаганы аныкталды. Бул көрсөткүч 2000-жылдагы 1,6 миллион адамга салыштырмалуу сегиз эсеге кыскарганын Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Ошол эле мезгилде 1,9 миллионго жакын жаран (калктын 25,7 пайызы) жакырчылыктын чегинде катталган.
Аймактык бөлүнүштө жакырчылык эң көп катталган жерлер:
- Жалал-Абад облусу — 447,2 миң адам
- Бишкек — 309,4 миң
- Ош облусу — 280,9 миң
- Баткен облусу — 261,7 миң
- Чүй облусу — 210,8 миң
Өтө аялуу топ катары балдар белгиленди. Өткөн жылы ар бир үчүнчү бала (33,1%) жакырчылыкта жашаган, алардын ичинен 112 миңден ашыгы (3,9%) өтө жакырчылыкта болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом