Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Депутат: Студенттердин онлайн окуусу жакшы жүрбөй жатат
10.09.2025 | 12:24

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы студенттердин онлайн окуусунда көйгөйлөр бар экенин билдирди.
Анын айтымында, Агартуу министрлиги жана Бишкек мэриясы шаардагы жол тыгынын азайтуу максатында студенттерди 15-сентябрга чейин онлайн форматка өткөргөн.
«Интернет жакшы иштебейт, онлайн окуу жакшы жүрбөй жатат. Биздин студенттер 10 күндөн бери окуган киши эмес, окубаган киши эмес болуп жүрүшөт», — деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом