Баш сөз: Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон төлөп берүүнү тапшырдыReporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюштуМинистрлер Кабинети бизнести видеокамераларын салык кызматы үчүн ачууга милдеттендирүүнү сунуштоодоОшто эки күнгө созулган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөтКыргызстан менен БУУ АПП климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаңы кадамдарды белгилештиБишкекте №244 кичи автобустун кыймыл схемасы өзгөртүлдү
Жаңы учурлардын жарымы мигранттардан аныкталууда — ВИЧ боюнча коркунучтуу статистика
11.09.2025 | 21:22

2025-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынын 14 989 учуру катталды.
Республикалык ВИЧ менен күрөшүү борбору кабарлагандай, алардын 14 105и Кыргызстандын жарандары, ал эми 884ү чет элдиктер.
Мониторингдин жыйынтыгында 3698 адам каза болгон. 2024-жылы ВИЧ илдети Кыргызстандын 975 жаранында биринчи жолу аныкталып, алардын дээрлик жарымы (457 киши) миграцияда жүргөнүн билдиришкен.
2025-жылдын январь–август айларында дагы 634 жаңы учур катталды. Алардын 294ү да чет өлкөдө миграцияда болгонун айтышкан.