АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Жалал-Абадда жасалма автохимия өндүргөн цех табылды
12.09.2025 | 09:30

Жалал-Абадда автоунаалар үчүн жасалма химиялык каражаттарды чыгарган мыйзамсыз цех аныкталганын Салык кызматы маалымдады.
Цехтен болжол менен 45 тонна күмөндүү суюктук жана антифриз, айнек жуугуч сыяктуу даяр продукциялар табылган. Ошондой эле көп сандагы этикетка, капкак жана таралар болгон.
Өндүрүш калк жыш жайгашкан “Спутник-22” конушунда орун алып, өрт жана жарылуу коркунучу жогору экени аныкталган. Цехте уруксат кагаздары жок, бирок продукция белгилүү бренддердин атынан сатылганы белгилүү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом