Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Бишкектеги жер титирөө: Башкы сейсмолог билдирүү таратты
12.09.2025 | 14:39

Бүгүн саат 13:57де Бишкектин аймагында жана жакынкы аймактарда жер титирөө катталды. Өлкөнүн башкы сейсмологу Канат Абдрахматов билдиргендей, очогу Бишкектен 20 чакырым чыгышта, күчү 4,5 балл болгон. Бишкекте титирөө 3-4 балл күчүндө сезилди.
Абдрахматовдун айтымында, жердин титирегени башкача сезилген:
“Силкинүүнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте жайгашып, бизге жакын болгондуктан тик толкундуу болгондой сезилди. Азырынча кайталанышы мүмкүн деген маалымат жок, бирок майда афтершоктор болушу ыктымал,” — деди башкы сейсмолог.
Сейсмология институту азыр тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Жарандарга имараттардан алыс болуу жана коопсуз жайларга көчүү сунушталат.