“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келинди
Тойканаларда тойлор 22:00дө бүтө баштады: мыйзамдын автору эмне дейт?
15.09.2025 | 13:20

Өлкөдөгү тойкана жана кафелерде кечки саат 22:00дөн кийин иш токтой баштады. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, «Тынчтык тууралуу» мыйзам эч кимдин иштөөсүнө тыюу салбайт. Болгону 22:00дөн кийин жөн гана тынчтыкты бузган катуу үн болбошу керек.
Депутат мисал катары 7-апрель көчөсүндөгү ресторандарды белгиледи: «Эгер ресторан калктуу конуштан алыс жайгашкан болсо, музыкасы сыртка угулбайт, ошондуктан иштей берсе болот».
Белгилей кетсек, бир катар тойканалар кечки саат 22:00дөн кийин иштөө чектөөсүн «Түнкү тыныгуу» мыйзамы менен байланыштырып жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом