Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту
16.09.2025 | 09:14

Хорватияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды. Чечүүчү беттеште ал Азия чемпиону, Түндүк Кореянын өкүлү Хан Чон Сон менен таймашып, атаандашына жол берди.
Бул жеңиш менен Бекзат Алмаз уулу Кыргызстандын тарыхында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш алган экинчи спортчу болуп калды. Буга чейин 2021-жылы Эрназар Акматалиев ушундай жетишкендикке жеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт