Ош шаарынын күнүнө жана Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөтАраван районунда пахта терүү иштери башталдыКаспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издегенЖыл башынан бери Бишкекте жол кырсыгынан 5 жаш бала каза болдуКыргызстандын президентин шайлоого 1,2 млрд сом сарптоо пландалууда — БШКМектептин 8- жана 1-класстары үчүн «Математика» предмети боюнча окуу китептери басылып чыкты
ЖК комитети тоолуу аймактардагы көп балалуу энелерге «Бала Береке» төлөмүн берүү долбоорун колдоду
16.09.2025 | 09:20

15-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмүн берүү тууралуу мыйзам долбоорду биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоор Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге (Кыргызстандын жарандарына жана кайрылмандарга), бала төрөлгөн учурда төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку «Бала Береке» төлөмү киргизилет:
- 4-балага – 100 миң сом;
- 5-балага - 600 миң сом;
- 6-балага – 800 миң сом;
- 7-балага – 1 миллион сом;
- 8-балага – 1 миллион 200 миң сом;
- 9-балага – 1 миллион 500 миң сом;
- 10 жана андан ашык балага – 2 миллион сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат