Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Сабап, байлап, акчасын тартып алышкан. Бишкекте каракчылык окуясы болду
16.09.2025 | 15:42
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан каракчылык кылууга шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-августта «102» кызматына Жунусалиев көчөсүндөгү үйгө үч жигит кирип, кожоюнун сабап, байлап салышканы, андан кийин анын уюлдук телефонун жана 120 миң сомун алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан. Алар 23 жаштагы Ж.Э. менен О.Р., ошондой эле 22 жаштагы Д.Д. экени аныкталган. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар


