Салык жыйымдары рекорддук 389 млрд сомго жетти. МСК жыл жыйынтыгын чыгардыПрезиденттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалдыКумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон аштыКыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдү
Энергетика министрлиги: Орто-Токой ГЭСинин курулушу 68%га бүткөрүлдү
17.09.2025 | 12:56

Орто-Токой ГЭСин куруу иштери 68%га бүткөрүлдү. Курулушту 2026-жылдын биринчи жарымында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда ГЭСтин негизги имаратын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул жерде машина залы, негизги жана көмөкчү жабдуулар, башкаруу пункту жайгашат. Министрлик иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Орто-Токой ГЭСтин курулушу 2024-жылдын 29-июнунда расмий түрдө башталган. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт. ГЭС ишке берилсе, Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абоненти электр энергиясы менен камсыз болот.
Долбоорду “Чакан ГЭС” ишканасы Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) ишканасы менен биргеликте ишке ашырууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом