Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
УКМК: Казакстандын жараны З.А. 2,5 млн долларды мыйзамсыз алганы үчүн кармалды
17.09.2025 | 12:40

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакстандын жараны З.А. кармалганы тууралуу расмий маалымат берди. Билдирүүдө социалдык тармактарда тарап кеткен айрым суроолорду жоюу максатында коомчулукка объективдүү маалымат берилгени айтылат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны З.Н. арыз жазып, З.А. 2 500 000 АКШ долларын мыйзамсыз ыйгарып алган деген факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөдө бул факт ырасталып, З.А. кармалган жана сот тарабынан камакка алынган.
Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды толтура баштаган. Бул жагдай эске алынып, тергөө органдары баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин караштырууда.