Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Исмаилов жана Жүзүпбековдор килемге чыгат
19.09.2025 | 11:50

Бүгүн Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 60, 72 жана 97 килограммга чейинки салмак категорияларында кыргызстандык балбандар күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Кыргызстандын атынан:
- Акыл Сулайманов (60 кг) – 1/16 финалда литвалык Юстас Петравичюс менен беттешет.
- Амантур Исмаилов (72 кг) – ирандык Сайед Даниял Сохраби менен күч сынашат.
- Үзүр Жузупбеков (97 кг) – 1/8 финалга чыгуу үчүн египеттик Мохамед Али Габр менен таймашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт